Эӊ сулуу, жаркыраган Нооруз майрамын тосушту. Бала бакчанын балдары майрамдык концерт даярдашты. Балдар бийлешти, ырдашты, кыргыз улуттук оюндарды ойношту, баарынын көнүлүн көтөрүштү.
Алас, алас, алас!
Ар балээден калас.
Жаңы жыл келди,
Нооруз келди!
Жер жаңырып, чөп чыкты,
Желин жарылып, сүт чыкты!
Жер бетине жапжашыл чөп чыкты.
Оо, жараткан!
Жакшылыгыңды аяба!
Кампабызга дан толсун,
Дасторконубузга нан толсун.
Үлүшүбүзгө мал толсун.
Аксакалдарыбыз акылман болсун,
Байбичелерибиз мээрман болсун!
Келин-кыздар ыймандуу болсун,
Жигиттерибиз эр жүрөк баатыр болсун!
Өлкөбүздө тынчтык болсун!
Айдан аман,
Жылдан эсен бололу!
Алас, алас, алас!
Комментарии